Ура! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
RU

Ура! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мээрим Жуманазарова Осло шаарында (Норвегия) өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күч сынашат.

Кечээ, 6-октябрда, 68 кгга чейинки салмак категориясында турирге чыкты.

Жуманазарова финалдын 1/8де кореялык спортчуну жеңсе, чейрек финалда канадалык спортчу менен беттешип, 7:1 эсебинде уткан.

Жарым финалда Мээрим россиялык Ханум Велиевага кез келип, аны жеңип, финалга чыкты.

Бүгүн, 7-октябрда, япониялык Рин Мияжи менен күч сыншат.

Эске салсак, дүйнө чемпионаты күрөштүн үч түрүнөн өтүп жатат. Эркин күрөштө Алибек Осмонов коло медаль алды, Эрназар Акматалиев күмүш байгеге татыктуу болду. Ал эми Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмак категориясында алтын медалга татыды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3804