Чүй төрөт үйүндө үч эм төрөлдү
RU

Чүй төрөт үйүндө үч эм төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук төрөт үйүндө үч эм кыз төрөлдү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына мекеменин дарыгерлери билдиришти.

Алар берген маалыматка ылайык, ымыркайлар кесердик кесүү аркылуу жарык дүйнөгө келишти. Алардын салмактары 2 500г, 2 900г, жана 2 100г.

"Балдар жана алардын апасынын абалы жакшы. Бул келиндин биринчи төрөтү эмес. Бүгүн кыздар реанимациядан палатагы которулуп, энесине берилет", - деп медиктер айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3826