АКШдагы ок атышуунун видеосу чыкты. Болжолдуу маалымат боюнча кыргызстандык өлтүрүлдү
RU

АКШдагы ок атышуунун видеосу чыкты. Болжолдуу маалымат боюнча кыргызстандык өлтүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнин ЖМКлары 5-октябрда, шейшемби күнү, Пенсильвания штатында жүк ташуучу унаанын айдоочусу өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. Ал камакка алуу учурунда полицияга каршылык көрсөткөн.

Полиция берген маалыматта каза болгондун жарандыгы жана этникалык улуту көрсөтүлгөн эмес. Бирок социалдык тармактардын кыргыз тилдүү сегментинде өлтүрүлгөн жигит кыргызстандык болчу деп айтылууда.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, видеонун авторлору (АКШнин жарандары) полицияга жүк ташуучу унаанын прицепин уурдап кетти деп арызданышкан.

Редакциянын жеке булагы берген маалыматка ылайык, прицепти айдап кеткен жаран жүк жеткирүүчү компаниянын кызматкери болчу. Аны жумуштан кетирип, $3 миң акчасын бербей коюшкан. Каза болгон жаран, анда карыздын эсебинен прицепти алып кетем, деп айткан. Прицептин кожоюну полицияга арызданып, талап-тоноо тууралуу билдирүү жөнөткөн.

Учурда АКШдагы кыргыздардын диаспорасы прицептин ээсин издеп, окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3831