Депутат Алтыбаеванын Ошко учкан видеосу. Ал видеонун авторун сотко берет
RU

Депутат Алтыбаеванын Ошко учкан видеосу. Ал видеонун авторун сотко берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева аны Ош аэропортунда видеого тартып алган адамды сотко бермекчи. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына депутат өзү билдирди.

Алтыбаеванын айтымында, ал сотко кайрылуу үчүн документтерди чогултууда. Буга социалдык тармакка жарыяланган видео себеп болгон.

Эске салсак, социалдык тармактарда депутат Айнуру Алтыбаева башка жүргүнчүлөрдөй автобус менен эмес, өзүнчө машина менен Оштон Бишкекке уча турган самолетко чейин келген видео жарыяланган. Бул учурда башка жүргүнчүлөр автобуста 20 мүнөткө чукул күтүп отурушканын социалдык тармакка жазышкан.

Алтыбаева бул маалыматты четке кагып, кечигүү авиакомпанияга байланыштуу экенин баса белгиледи. Ал унаа аэропортко таандык. Аэропортто депутаттар делегациялардын залы аркылуу көзөмөлдөн өтүшөт, деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3836