БШКнын мүчөсү: Садыр Жапаров Эдил Байсаловдун сөзүнө көңүл бурушу керек
RU

БШКнын мүчөсү: Садыр Жапаров Эдил Байсаловдун сөзүнө көңүл бурушу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовдун пикири боюнча, президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сөзүнө көңүл бурушу керек.

"Бул талапкерлерге жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү!" - деп Маматов өз баракчасына жазган.

Эске салсак, Бйсалов "Азаттык" басылмасынын программасына катышкан. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов да катышкан.

Программанын жүрүшүндө өкмөттүн төрагасынын орун басары Жогорку Кеңешке жаңы чакырылыш келгенде Садыр Жапаровду колдогон депутаттар менен гана иштеше тургандыгын билдирди.

"Бизге 45-55 депутаттар жетишет, ошолор менен иштейбиз, ошолор менен катышабыз, ошолор биздин мыйзамдарыбызды кабыл алат. Калганыңыздарга айтып коелу, ошол жерден жер тепкилесеңер дагы, биздин кылыбыз кыйшайбайт. Бизди алаксыта албайсыңар. Биз силерге жалдырабайбыз. Биз өнүгүүнүн алдында иштейбиз", - деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3925