Текебаев Байсалов жөнүндө: "Шаар көргөн эчкиден түңүл"
RU

Текебаев Байсалов жөнүндө: "Шаар көргөн эчкиден түңүл"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-октябрда "Азаттык" "Эксперттер талдайт" программасына Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов да катышкан.

Программанын жүрүшүндө өкмөттүн төрагасынын орун басары Жогорку Кеңешке жаңы чакырылыш келгенде Садыр Жапаровду колдогон депутаттар менен гана иштеше тургандыгын билдирди.

"Бизге 45-55 депутаттар жетишет, ошолор менен иштейбиз, ошолор менен катышабыз, ошолор биздин мыйзамдарыбызды кабыл алат. Калганыңыздарга айтып коелу, ошол жерден жер тепкилесеңер дагы, биздин кылыбыз кыйшайбайт. Бизди алаксыта албайсыңар. Биз силерге жалдырабайбыз. Биз өнүгүүнүн алдында иштейбиз", - деп айткан.

Саясатчылардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, түз эфирлен чыккан Текебаев жеке пикирин видеого жаздырып социалдык тармактарга бөлүшкөн.

"Мен азыр эле "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" деген телеберүүсүнөн чыктым. Ал жака баратым Эдил Байсаловду Европадан жаңы көз караштарды, жаңы жүрүм-турумдун стандарттарын, жаңы саясий маданиятты алып келди го деп мактап, ийгилик каалайын деп баргам. Бирок кыргызчасынан болуптур. Кыргызстан "шаар көргөн эчкиден түңүл" деген сөз бар. Эдил Байсалов Европадан оңолбостон бузулуп келиптир. Абдан өкүнүчтүү. Аттиң, деп берүүдөн чыктым", - деди Текебаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3930