Ташиевдин бир эле учурда УКМКны жетектеп, вице-премьер болушу мыйзамдуубу?
RU

Ташиевдин бир эле учурда УКМКны жетектеп, вице-премьер болушу мыйзамдуубу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-октябрда Кыргызстанда жаңы министрлер кабинети бекитилди. Өкмөттүн жаңыртылган курамын Акылбек Жапаров жетектейт.

Жаңы министрлер кабинетинде күч органдар блогу боюнча вице-премьер министрликке УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дайындалды.

Демек, мындан ары бардык укук сактоочу органдар Ташиевге гана баш ийет.

Мындай көрүнүш Кыргызстанда алгачкы жолу болду. Буга чейин өкмөттө күч структуралары блогу боюнча вице-премьер министр дайындалса деле, ал башка кызматты ээлөөчү эмес.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, министрлер кабинети тууралуу мыйзамда мындай дайындоого уруксат берилген эмес, ошол эле учурда, тыюу салынган да эмес.

"Президент министрлер кабинетиндеги кызматка талапкерлерди өзү жалгыз карап, кимдин кайсы жерге бара турганын аныктай алат", - деди ал.

Юристтер белгилегендей, учурда президент аткаруучу бийликти өзү башкарып, өзү жетектейт (буга чейин президент өлкө башчысы болчу, ал эми өкмөт аткаруучу бийликтин өз алдынча органы болуп саналчу). Андан тышкары, министрлер кабинети аткаруучу бийликтин эң жогорку коллегиялык органы болуп саналат. Ал президентке баш ийет жана жүргүзгөн иши боюнча отчет берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3935