Президент сыяктуу. Камчыбек Ташиевдин маалымат талаасында аткарган ролдору
RU

Президент сыяктуу. Камчыбек Ташиевдин маалымат талаасында аткарган ролдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир жыл мурун Кыргызстандын бийлигине Садыр Жапаров келген. Аны жакын досу Камчыбек Ташиев кызуу колдоп келет. Октябрь окуяларынан кийин Жапаров президент болсо, Ташиев УКМКнын төрагалыгына дайындалган.

Улуттук коопсуздук, чек ара маселеси, кылмыштуулук, терроризм, коррупция менен күрөшүү УКМКнын милдети болуп саналса, төрага өзү президентке түздөн-түз баш ийет. Бирок реалдуулук алда канча таталыраак.

Көп эле учурда УКМКнын жетекчиси президент айта турган билдирүүлөрдү жар салат. Маалымат талаасында ал №1 саясатчы менен тең тайлашкандай. Камчыбек Ташиевдин билдирүүлөрүн изилдеп чыгып, маалымат жагынан өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап чыгып жаткандай сезилет. Kaktus.media УКМКнын башчысы кандай ролдорду аткарып жаткандыгын эстеди.

Вакцинациядан өтүү кампаниясын жүргүзөт

Камчыбек Ташиев калкты эмдөөдөн өткөрүү кампаниясына салым кошууну чечип, Орхан Инандыны уурдап кетүү боюнча басма сөз жыйынында кеп козгогон.

"Вакцинанын партиясы алынды, Sinopharm деген. Жакында дагы бир партияны алышат. Биз сатып алып, жарандарга кайра бекер таратып жатабыз. Балким күзүндө, же кышында акы төлөп алышат. Вакцина бар, алгыла", - деп айткан.

Белгилей кетсек, УКМКнын вакциналарды сатып алууга, жана вакцинация жүргүзүүгө эч кандай тиешеси жок.

Экономиканын өнүгүшүн алдын ала айтат

Өлкөнүн башкы чекисти экономика маселелерин да семичке чаккандай чага турганын көрсөткүсү келет. Маселен, Алай районундагы жаңы имараттын ачылышында Камчыбек Ташиев жергилктүү райондук башкарманын кызмткерлерине бюджеттеги профицит тууралуу айтып берген.

"Эки айда Кумтөр Кыргызстанга 21 жылда бербеген киреше алып келди. Ошонун артынан өлкөнүн бюджети профицитке чыкты. Жарым жылда бардык көрсөткүчтөр ишке ашырылып, бюджеттин профицити 564 миллион сомду түздү. Эгер бул жылы бюджет 162 млрд сомду түзсө, кийинки жылы 220 млрдка чейин көтөрүлөт. Дагы бир жылда 250 млрд сом болот", - деп прогноз жасаган.

Инвесторлор менен кош айтыша тургандыгын анонс кылат

Канадалык инвесторлор менен бардык макулдашуулар денонсацияланышы мүмкүн, деп өкмөт мүчөлөрү ооз ача электе эле жар салып койгон.

"Аныкталган фактыларды эске алуу менен тергөө тарабынан Кумтөр боюнча өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген, бардык макулдашууларды денонсацилоо жана ички нормативдик-укуктук актыларды жокко чыгаруу процесси демилгеленди. Биз тараптан 2009-жылкы макулдашуудан чыгуу процесси демилгеленди, бул кыргыз тараптын Centerra Gold'дун курамынан чыгышына алып келет", - деп Ташиев айткан.

Энергетик десе да болот

Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү - өкмөт үчүн көйгөйлүү маселе, бирок Ташиевдин бул боюнча да жеке жоромолдору бар.

"Кургакчылык мезгили төрт жылга созулат. Эки жылы өттү, дагы эки жыл калды. Андан кийин Кудай кааласа, суу сактагыч толот. Төртүнчү генераторду оңдоп жатышат, жыл аягына чейин ишти бүтүрөбүз. Электрэнергиясынын тарифи талкууланууда, чечимди элдин пикирин эске алып кабыл алабыз. Бирок өндүрүш объектилерине тариф көтөрүлө турганы анык", - деп эскерткен.

Ирригациялык маселелерди да мыкты билет

"Ирригация боюнча да маалымат берейин дедим эле, анткени УКМК да ирригациялык жана башка маселелерди чечүгө катыша баштады. Учурда жаңы ОЧК-2 каналын (Айланып өтүүчү Чүй каналы) куруу пландалууда. Бул каналды салып, Чүй облусундагы кургакчылык көйгөйүн чечебиз. Президент буйрук берген, өкмөт долбоор үстүндө иштеп жатат. Биздеги ирригациялык системалар толугу менен талкаланган, өзгөчө Чүй облусунда. Мурда буга эч ким көңүл бурчу эмес. Эмки жылы мындай маселе жаралбайт", - деп ишендирди.

Азык-түлүк коопсуздугу үчүн да жооптуу

Айыл-чарба, түшүм маселелери, азык-түлүк коопсуздугу боюнча да жеке комментарийин берет.

"Коомчулук азык-түлүк жетишсиз болот деп кооптонбой эле койсо болот. Андай болбойт. Кышкыга даярдык жүрүп жатат, кам санабай эле койгула. Кумшекердин, суу майдын баасы түшө баштады", - деп элди жоошутту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3851