Афган каршылыгы менен беттеште талибдер оор жоготууларга туш болушту
RU

Афган каршылыгы менен беттеште талибдер оор жоготууларга туш болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Талибан" кыймылынын согушкерлери Афганистандын Баглан деген жеринде жүргөн салгылашуудан кийин оор жоготууларга дуушар болушту. Бул тууралуу Lenta.ru басылмасы жазган.

"Коммерсант" Улуттук каршылык көрсөтүү фронтундагы булактарына таянып берген маалыматка ылайык, салгылашуулар Пули-Хисар жана Дих-Сала уезддеринде жүргөн. Ал беттешүүлөрдөн кийин талибдер 60ка чукул согушкерин жоготуп, артка тартууга аргасыз болушкан. Беттеш орун алганын алгачкы жолу "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү да расмий түрдө тастыкташты.

Белгилүу болгондой, Баглан провинциясы түштүк-чыгышта Панджшер провинциясы менен чектешет. Бул аймак Афганистандагы бийликти талибдер басып алгандан кийин каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган.

Эске салсак, ушул жылдын август айында согушкерлер Афганистандагы бийликке каршы аттанып, Кабулга кирип барышкан. Айдын орто ченинде согуштун бүткөнүн жарыялап, Афганистан толугу менен алардын карамагына өткөнүн жар салып, 31-августта АКШнин аскерлери Кабулдун аэропортунан кетишкен. Ошону менен АКШнин бул өлкөдө 20 жыл иш алып баруусу жыйынтыкталган болчу. Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеп калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3950