Камчыбек Ташиев дарынын баасын төмөндөтүүнү буюрду
RU

Камчыбек Ташиев дарынын баасын төмөндөтүүнү буюрду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дары менен камсыздоо тармагындагы кырдаалды талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер менен конструктивдүү диалог болуп, дары менен камсыздоо тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Камчыбек Ташиев медицина препараттарынын бааларына, фармацевтикалык бизнестин көйгөйлөрүнө, контрабанда жолу менен келген медикаменттерге, бюрократиялык тоскоолдуктарга өзгөчө көңүл бурду.

Жыйындын соңунда, дары-дармектин баасын кайра карап чыгуу, калк үчүн өтө маанилүү деп саналган медикаменттерге бааны төмөндөтүү чечими кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3956