УКМКнын кызматкерлери кримавторитет Алтуханы кармашты (видео)
RU

УКМКнын кызматкерлери кримавторитет Алтуханы кармашты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ 13-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Алтынбек Ибраимовду камакка алышты. Кримавторитет - Алтуха каймана аты менен белгилүү болуп, кылмыш дүйнөсүндөгү иерархияда негизги позицияны ээлеген.

Мындан мурун ал шайлоодон кийинки өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу ИИМге профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүү үчүн чакырылган.

КРдин Кылмыш-Прецессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Алтынбек Ибраимов УКМКнын СИЗОсуна жектирилди.

Тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, иликтөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/395