Байсалов: Жаңы өкмөт тез жана так иштейт!
RU

Байсалов: Жаңы өкмөт тез жана так иштейт!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов "Ала-Тоо-24" каналынын "Маек" программасына катышты. Түз эфир учурунда ал Кыргызстандагы парламентаризмди сындап, ЖКнын депутаттарын катуу сынга алды.

Байсаловдун пикири боюнча, акыркы 10 жылда өкмөт "120 президент" принцибинде калыптанды. Алар өлкөнү бөлүп жарып, тойдо устукан тараткандай таркатып салышчу, ал эми портфелди туш келди адамдар алышкан.

Өкмөт ошол депутаттардын артынан чуркап, алардын амбицияларын канааттандырып келген. Ошондуктан эл бул жалган парламенттик демократиядан артка кылчайбастан баш тартты. Бул накта парламенттик демократия эмес.

Байсаловдун пикири боюнча, парламентаризмдин эң мыкты үлгүсү - британиялык парламентаризм. Ал айрым адамдар сунуштаган нерседен кескин айырмаланат. Анткени биздеги модель өзүнөн өзү эле урап, жок болду. Анын үстүнө өлкөбүздүн өнүгүүсүн токтотуп салды. Эң башкысы бардык бийликти, өкмөттү топ депутаттардын кызыкчылыгын канааттандырууга аргасыз кылган.

Парламенттик лидерлер партиялык коррупция менен алектенип, депутаттардын тизмесиндеги орундарды сатып калышка. Башка кызматтар да акчага сатылчу.

Так ушул себептерге байланыштуу мурунку өкмөт элге кызмат кыла алган жок. Ал эми жаңы өкмөт, кызмат кылат. Министрлер кабинетинин иштөө мөөнөтү президенттин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө ылайыкташкан. Ал бир жыл иштеди, дагы беш жылы калды (эске салсак, Жапаров 11 жылга чейин президент боло алат, деген маалымат айтылган - Kaktus.media эск. ).

"Бардыгы ачык жана айкын болууга тийиш, мындан ары өкмөт элдики. Ал пландарды, өлко жетекчисинин программасын ишке ашыруунун тегерегинде гана иштейт. Кайдагы депутаттардын же өзүн-өзү фракция атап алгандардын эмес, элдин кызыкчылыгын түздөн-түз тейлейт", - деди Байсалов.

Ошол эле учурда Байсалов депутаттарды абдан сыйлаганын белгиледи. Алардын ыйгарым укуктары өтө көп - мыйзамдарды кабыл алуу, сын айтуу, айкындыкты камсыздоо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3970