Сушиден уулангандардын саны дагы көбөйдү
RU

Сушиден уулангандардын саны дагы көбөйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-октябрь күнү саат 14:30га карата Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тамак-аштан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 118ге жетти:

  • Темир жол ооруканасына 98 адам кайрылган;

  • Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына - 13;
  • Чүй облустук бириккен ооруканасына - 2;
  • Жайыл районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна – 5.

Алардын ичинен стационардык дарылануу: темир жол ооруканасында - 10 адам, шаардык балдар ооруканасында - 13 бала. Алардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Саат 07:30да, темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө, тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 85 гана болгон.

Эске сала кетсек, буга чейин 12 адам суши жегенден кийин ууланганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, жабырлануучулар "Империя пицца" кафелеринин түйүндөрүнөн суши заказ беришкен.

Учурда мекеменин бардык филиалдары жабылды.

Бүткүл өлкө боюнча коомдук тамактануу жайлары текшерүүгө алынмай болду. Массалык уулануудан улам мораторий алынып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4055