Сушиден уулангандардын саны дагы өсүүдө. 253 киши!
RU

Сушиден уулангандардын саны дагы өсүүдө. 253 киши!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-октябрга карата "Империя пиццы" кафесинин тамак-ашына уулангандардын саны 253 адамга жетти.

Баарынын абалы туруктуу. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

26-октябрга карата 179 адам ууланганы белгилүү болгон. Уулангандардын 18и балдар. 50 жабырлануучуга стационардык жардам көрсөтүлүүдө. Темир жол ооруканасында-13 адам, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында-12 адам, Улуттук госпиталда-24 адам, Ысык-Атадагы жалпы дарыгерлик практика борборунда-1 адам жатканы айтылган.

25-октябрь күнү саат 14:30га карата Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тамак-аштан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 118ди түзгөн:

  • Темир жол ооруканасына - 98 адам;
  • Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына - 13;
  • Чүй облустук бириккен ооруканасына - 2;
  • Жайыл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна - 5 адам кайрылган.

Алардын ичинен стационардык дарылануу: темир жол ооруканасында - 10 адам, шаардык балдар ооруканасында - 13 бала. Жабырлануучулардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.

Эскерте кетсек, буга чейин суши жеген 12 адам ууланганы белгилүү болгон. Маалыматтарга ылайык, жабырлануучулар "Империя пиццыдан" буюртма беришкен.

Учурда мекеменин бардык филиалдары жабылды.

Республика боюнча коомдук тамактануу мекемелери текшерүүдөн өтүп жатат – массалык уулануудан улам мораторий алынып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4079