"Империя пиццы" кафесиндеги уулануу. Бардык маалымат бир материалда
RU

"Империя пиццы" кафесиндеги уулануу. Бардык маалымат бир материалда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-октябрда "Империя пиццы" кафесинен тамак-ашка буюртма берген 12 адам ууланганы белгилүү болгон. 26-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын саны 179 адамга жеткенин билдирди. Жабыркагандардын бары ушул кафеден тамак алышкан.

Kaktus.media редакциясы бул окуя боюнча бардык маалыматтарды бир макалага чогултту.

Жалпысынан канча адам ууланды?

26-октябрга карата 179 адам ууланганы белгилүү болгон. Уулангандардын 18и балдар. 50 жабырлануучуга стационардык жардам көрсөтүлүүдө. Темир жол ооруканасында-13 адам, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында-12 адам, Улуттук госпиталда-24 адам, Ысык-Атадагы жалпы дарыгерлик практика борборунда-1 адам жатат. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Бул адамдардын баары бир мекемеден тамактанышканбы?

Аталган кафенин 17 түйүнү бар. Биринчи уулангандар үйлөрүнөн буюртма беришкен. Андан сырткары мекемеге келип тамактангандар да бар.

Алар эмне жешкенин билесизби?

Биринчи ууланган адамдар суши, "хоссомаки яки" рулеттерин жешкен. Ууланууга кандай продукция себеп болгону азырынча белгисиз. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Учурда мекемедеги бардык суши, роллдордун үлгүлөрү анализ жүргүзүу үчүн алынган. Ошондой эле, бардык кызматкерлер анализ тапшырышты.

"Империя пиццы" кафеси боюнча эмне айтууга болот?

Учурда анын бардык филиалдары жабылды. Мекеменин ээлери эмне болгондугу тууралуу комментарий бере элек - экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

Тармак кандайдыр бир түрдө жазаландыбы?

Массалык уулануу фактысы боюнча мекеменин администрациясыына айып пул салуу боюнча беш протокол түзүлдү. 7,5 миң, 5 миң жана 8 миң сомго протоколдор түзүлгөн. Айыптын жалпы суммасы 20,5 миң сом.

Экспертизанын жыйынтыгын алгандан кийин кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүлүшү мүмкүн.

Бул кандайдыр бир деңгээлде коомдук тамактануу тармагына таасирин тийгиздиби?

Ооба, тамак-аш менен алектенген объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери республиканын бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайларын текшере башташат.

Мындай уулануу биринчи жолу болуп жатабы?

Бештен ашык адам жабыркаган учурлар массалык уулануу болуп эсептелет. Быйыл Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан №1 ашканада ушундай уулануу болгон. Көбүнчө бири-серин уулануулар болууда. Айтмакчы, мындай уулануу "Империя пиццы" кафесинде бир жума мурун эле катталган. Андан кийин дагы эки адам ууланган, алар да суши жана роллы жешкен.

Эң көп уулануу 2018-жылы "Ала-Тоо" ресторанында болгон. Анда 204 адам жабыркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4071