Акылбек Жапаров: Патент менен салык төлөөнү жоюп салуу керек (баарын эмес)
RU

Акылбек Жапаров: Патент менен салык төлөөнү жоюп салуу керек (баарын эмес)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-октябрда парламентте Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү биринчи окууда талкууланууда. Депутаттардын суроолоруна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка чиновниктер жооп беришти.

Обороту 30 млн сом болгондор салык төлөбөйт

Депутат Жанар Акаев "Дордойдогу" соодагерлерге контролдук-кассалык машинелерди (ККМ) коюу милдеттендирилеби, деп сурады.

Белгилей кетсек, өкмөт өз ыктыяры менен алынган патенттерди жоюп салууну сунуштады. Парламентарий бул көмүскө экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү болбойбу, деп сурады.

Жапаров, келечекте, ККМ бар болсо, Жылдык обороту 30 миллион сомдон ашпаса, салык төлөбөй эле коюу пландаштырылып жатканын билдирди.

Бирок бардык салыктар жөнүндө кеп болуп жатабы, Жапаров тактап айткан жок.

"Өкмөттүн бир эле талабы болот - электрондук эсеп-фактурасы жана ККМ", - деди ал.

"Эмки жылдан баштап, биз өлкөдөгү бардык товарды көзөмөлдөй алабыз, мындайча айтканда виртуалдык склад болот", - деди ал.

Салыктын канча түрү болот?

Мирлан Жеенчороев жаңы Салык кодексинде салыктын канча түрү болот деп сурады.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев учурда иштеп жаткан салык кодексинде алты жалпы мамлекеттик салык, эки жергиликтүү жана сегиз атайын режим бар экенин маалымдады.

Жаңы салык кодексинде жалпы алты мамлекеттик салыкты, бир жергиликтүү салыкты жана алты атайын режимди калтыруу сунушталууда. Жер жана мүлк салыгын бириктирүү пландалып жатат.

Ченемдер өзгөрөбү?

Салык ченемдери өзгөрөбү, деген суроо да Жапаровго берилди. Өкмөт башчысы салык ченемдери мурункудай эле кала турганын айтты.

"Салыктын сегиз түрү бар болчу, оптимизациянын эхсебинен жетөөсү калды: эки салык бир болуп бириктирилди. Аны бириктириши керек болчу, имарат жана ошол имарат турган жер салыгы", - деп министрлер кабинетинин төрагасы түшүндүрмө берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4082