Москвада көчөдө калган кош бойлуу келин Кыргызстанга жөнөтүлөт
RU

Москвада көчөдө калган кош бойлуу келин Кыргызстанга жөнөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы документи жок, кош бойлуу кыргызстандык келин тууралуу видео тарагандан кийин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу юристтер менен бирге жекшемби күнү, 31-октябрда Ярославский вокзалына барышты.

Алар, темир жол вокзалынын милиция кызматкерлери жана Москвадагы социалдык кызматтар менен баарлашып, үй-жайы жок адамдарга тамак-аш уюштурган жерге кайрылышкан.

Видеону тарткан "Люди" фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, түшүнбөстүк болгон. Кыргызстандын жаранында документтери бар, ал буга чейин элчиликке кайрылган эмес. Элчиликтин кызматкерлери аялдын бир тууганын да табышкан. Ал анда Кыргызстандын паспорту бар экенин тастыктаган.

Видеону көргөндөн кийин ал эжесин Ярославль вокзалынан алып келип, Люблино районундагы батирге жайгаштырып, жакынкы рейс менен Кыргызстанга жөнөтүүнү көздөп жатат.

Консул бир тууганынын жардамы менен аялга байланышты. Ал кош бойлуулугунун бешинчи айында экенин айтты.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, 26 жаштагы жаран асоциалдык жашоо образын карманат. Буга чейин ал Москванын социалдык кызматынан баш тарткан. Ошондой эле ал жерде туруктуу жашаган жери жок Кемин районунун 30 жаштагы тургуну дагы болгон. Ал элчиликке жеткирилип, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк менен документтештирилип, Кыргызстан коомчулугунун жардамы менен кийинки рейске Кыргызстанга авиабилети сатып алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4136