"Бабанов калп айтпасын". Ташиев 9-октябрдагы баш аламандыктар боюнча комментарий берди
RU

"Бабанов калп айтпасын". Ташиев 9-октябрдагы баш аламандыктар боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановдун 9-октярдан кийин оппоненттери менен жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Бул билдирүүнү Өмүрбек Бабанов Kaktus.media'га берген интервьюсунда 6-ноябрда эле айткан болчу. Бирок, Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев, ошол интервьюнун үзүндүсүн эми гана жарыялаган.

"Бабанов калп айтып, коомчулукту адаштырбасын, биз аны менен 9-октябрдан кийин жолуккан эмеспиз, анын алдында митинг уюштурган биз эмес деп, актанган эмеспиз. Руслан Казакбаев калп айттырбайт, биз Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканбыз. Дагы бир жолу айтам, Бабанов калп айтты, ал Атамбаев жана башкалар менен аянтка барып, элдин бийлигин тартып алгысы келген. Биз иликтейбиз, 9-октябрда чагымчылык кылгандардын бардыгын жазалайбыз", - деп Ташиев жазды.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Super.TV'га интервью берип жатып да, 9-октябрда аянтта чогулгандардын жарымынан көбү Сооронбай Жээнбековдун адамдары болгон, деп айтты. Бул тууралуу саясатчыга экс-президент өзү айткан экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/413