Грузиянын экс-президенти Саакашвили ачкачылык акциясын токтотту
RU

Грузиянын экс-президенти Саакашвили ачкачылык акциясын токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили ачкачылык акциясын 50 күн дегенде токтотконун анын адвокаты жана дарыгери билдирди. Ал 19-ноябрга караган түнү абактын ооруканасынан Гори шаарындагы аскердик госпиталга жеткирилди. Грузин маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Гориде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мобилизацияланды.

"Азаттыктын" грузин кызматы билдиргендей, ооруканада Саакашвилинин апасы Гиули Аласания, саясатчынын жеке дарыгери Николоз Кипшидзе, адвокаттары Ника Гварамия жана Дмитрий Садзаглишвили бар.

Мурдараак адвокат Ника Гварамия экс-президент ооруканага которулса ачкачылыкты токторун айткан.

Грузиянын мурдагы президенти, ачкачылык кармап жаткан Михаил Саакашвили адвокаттар менен жолуккандан кийин эс-учун жоготкону 19-ноябрда кабарланган. Адвокат Бека Басилаянын айтымында, саясатчыны түрмөнүн ооруканасындагы бөлмөдөн замбилге салып алып кетишкен. Кийинчерээк ал Саакашвили өзүнө келгенин айтып, "медициналык көз караштан баа бере албайм, бирок абалы өтө оор болчу", - деп билдирген.

Экс-президент 1-октябрдан бери ачкачылык кармап жаткан. Адегенде ал кылмыш иштерин жабууну талап кылып келсе, эми кадимкидей ооруканага которууну талап кылган. Мекенинде эки кылмыш иш боюнча сыртынан кесилген экс-президент 29-сентябрда Грузияга кайтып келери менен кармалган. Ага президент болуп турганда кызматынан кыянат пайдаланган деген айып тагылган. Азыр анын үстүнөн дагы бир сот жүрүүдө.

Оппозиция Саакашвили саясий жүйө менен куугунтукталып жатканын айтып, бир нече депутат тилектештик иретинде ачкачылык жарыялашкан. Евробиримдиктин бир катар мыйзам чыгаруучулары, Латвия жана Украинанын мурдагы президенттери грузин бийлигин Саакашвилини эркиндикке чыгарууга чакырышты.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4408