Электр энергиясын көзөмөлдөө үчүн айрым абоненттерге сактагычтар орнотулат
RU

Электр энергиясын көзөмөлдөө үчүн айрым абоненттерге сактагычтар орнотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Электр энергиясын керектөөнү жөнгө салуу үчүн шарттуу эсептегичтери бар абоненттер өткөрүү кубаттуулугу 5 кВт чейин болгон гайка түрүндөгү сактагычтар менен жабдылат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сактагычтар РД-1/94 нускама документине ылайык 1994-жылдан бери трансформатордук көмөкчордондун жабдууларын ашыкча колдонуудан коргоо жана электр тармактарындагы авариялык кырдаалдардын алдын алуу үчүн орнотулуп келет.

"Түндүк электр" ААКтын электр тармактарына кошууда ар бир абонент менен келишим түзүлүп, анда уруксат берилген электр энергиясы көрсөтүлөт. Абоненттер режимди сактаса жана керексиз электр шаймандарын өчүрсө, орнотулган сактагычтар күйбөйт",-деп айтылат билдирүүдө.

Эгерде сиз уруксат берилген чектен ашып кетип, сактагыч дагы деле күйүп жатса, анда бардык электр шаймандарын өчүрүп, РЭСтин диспетчерине же күнү-түнү иштеген колл-борборго төмөнкү телефондор боюнча кайрылуу жасасаңыз болот: 1209, 0772 00 12 09, 0702 00 12 09, 0556 00 12 09, 0551 00 12 09 (WhatsApp).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4582