Өмүрбек Текебаев ага кол салуунун чоо-жайын айтып берди (видео)
RU

Өмүрбек Текебаев ага кол салуунун чоо-жайын айтып берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Ал окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, кол салгандар бир нече кичи автобустар менен келишкен. Саясатчы алар бир буйрук менен келген деп болжолдойт. Бул өзүнө эле эмес, башка да оппозициячыл саясатчыларды да коркутуу аракети болгон деп эсептейт.

Саясатчынын айтымында, беткап тагынган эркектердин, айрымдары гана активдүү, калгандары жөн эле жүрүшкөн. Булар бийликти сындаганым үчүн коркутуу, дейт Текебаев.

"Бул саясий чабуул, саясый террордун башталышы. Алар менден башташты. Ошондо башкалар чочулашат деп ойлогон окшойт. Бизди шайлоонун жыйынтыгына каршы болгонубузга айыптап жатышат", - деди саясатчы.

Текебаевдин айтымында, чогулган адамдар анын телефонун жана көз айнегин алып кетишкен. Кокус күбөө болуп калгандардын да телефонун тартып алышкан. Ал түрмөдө отурганын жана бандиттердин да өз мыйзамдары бар экенин биле турганын эске салды. Алып кеткендерин кайтарып берүүгө үндөдү.

Анын айтымында, бул жагдайдын баары "бизге бандиттик бийлик келди" деген белги.

Президент Садыр Жапаров кол салгандардын жетекчилерин таап, камаш керек деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4600