Москвада кыргыз жана өзбектер массалык мушташты. Видео
RU

Москвада кыргыз жана өзбектер массалык мушташты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москванын борборунда 11 көчө тазалап иштеген жарандар камакка алынды. Алар кече, 3-декабрда Машков көчөсүндө массалык мушташ уюштурушкан. Бардыгы Кыргызстан жана Өзбекстандан барган мигранттар экени белгилүү болгон. Бул тууралуу ТАСС басылмасына укук коргоо органдарындагы булак билдирген.

"Коммуналдык кызматтын массалык мушташынан кийин 11 киши кармалды: алардын ичинен жетөөсү Кыргызстандан жана төртөө Өзбекстандан. Чыр-чатактын айынан үч киши жабыркаган. Камакка алынгандарга майда бейбаштык беренеси боюнча протокол түзүлгөн. Тергөө иштерине чейинки текшерүү башталды", - деп агенттик жазды.

Агенттик жазгандай, Кыргызстандан келген көчө тазалагычтар үйдүн короосундагы карды күрөп жатышкан, ал эми өзбекстандыктар үйдүн чатырындагы карды тазалашкан. Экинчи бригада чатырдын үстүндөгү карды, короонун тазаланган жерине таштаган. Ошондон улам пикир келишпестик чыгып, ал мушташка айланган. Прокуратура текшерүү иштерин баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4646