Москванын мэри Сергей Собянин "дворниик-мигранттардын" санын азайтам деди
RU

Москванын мэри Сергей Собянин "дворниик-мигранттардын" санын азайтам деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин эми райондук коммуналдык кызматтардагы мигранттардын санын кыскартууга чакырды. Бул тууралуу ал РИА новости'ге берген интервьюсунда айтты.

Анын белгилешинче, шаардык коммуналдык ири ишканаларда мигранттар дээрлик жок.

"Учурда коргоо, тазалоо сыяктуу азыраак айлык төлөнгөн кызматтарды сунуштаган мекемелерде мигранттар бар. Бирок ал жакка деле резерв бар деп ойлойм", - деди Собянин.

Эске сала кетсек, буга чейин Москва мэри реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган болчу.

"Башка сапаттагы адамдар керек, башка айлык ала тургандар, мигранттар азыраак болсун. Бүгүнкү күндө силерде алар көп эле экен. Жакынкы региондордон россиялыктарды көбүрөөк тартып келгиле, маянасын жогорулаткыла, шарттарды түзүп бергиле", - дейт Собянин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4480