Спектакль, жарманке, мастер-класстар... Бишкекте биринчи жолу "Орус кышы" фестивалы өтөт
RU

Спектакль, жарманке, мастер-класстар... Бишкекте биринчи жолу "Орус кышы" фестивалы өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-19-декабрга чейин Бишкекте биринчи жолу Жаңы жыл алдындагы "Орус кышы" фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Үч күн бою саат 09:00дөн 18:00гө чейин Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын фойесинде артисттер ырдап-бийлеп, балдар жана чоңдор үчүн семинарлар, спектаклдер, Рождество жарманкеси, мода көргөзмөлөрү, оюндар жана сынактар көрсөтүлөт.

Фестивалдын уюштуруучулары: Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн "Мекендештер союзу" коомдук бирикмеси, Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борбору (Орус үйү), ошондой эле Мамлекеттик улуттук орус драма театры.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4753