400 мигрант 40 жыл Россияга кире албайт
RU

400 мигрант 40 жыл Россияга кире албайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда калайман мушташка катышканы жана башка мыйзам бузуулар үчүн 400 мигрантка өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Татьяна Дмитриева Эл аралык мигранттар күнүнө арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, кара тизмеге түшкөн мигранттар Россияга 40 жыл кире алышпайт. Дмитриева ушул тапта Москвада 1 миллион 33 миң мигрант бар экенин, анын 82% иш менен камсыздалганын кошумчалады.

Алардын негизи бөлүгүн Өзбекстандын (31%), Тажикистандын (26%) жана Кыргызстандын (25,4%) жарандары түзөт.

Ушул жылдын август айында Москванын мэри Сергей Собянин билдиргендей, акыркы айларда Москвада отурукташкан 200 мигрант Россиядан чыгарылган, 800үнө кылмыш иши козголгон. Ал мунун баары бир нече олуттуу мыйзам бузуулардан, жапырт мушташтан кийин кабыл алынган чечимдер экенин айткан.

"Мындай болбойт. Мындай меймандарды жактырбайбыз. Москва - меймандос шаар. Бирок конокко келгенден кийин мындай кылган болбойт", - деди ал.

Айрым эксперттердин айтымында, учурда орус бийлиги элди социалдык жана саясий көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн алардын көңүлүн мигранттарга бурууда.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4814