Росиялыктар курулуштарда мигранттардын ордун баса албайт
RU

Росиялыктар курулуштарда мигранттардын ордун баса албайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Keyfor курулуш компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Евгений Шевкун россиялыктар курулуш иштеринде мигранттардын ордун баса албай тургандыгын айтты. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышты.

Эксперттин айтымында, курулуш тармагында иш графиги жумасына алты күн. Күнүнө 11 саат иштөөгө туура келет. Бирок росиялыктар курулуш иштеринде чоң акчага да иштөөгө даяр эмес. Алар бош убакыт өткөрүүнү каалашат. Ошол эле учурда курулушта ишти кескин түрдө жеңилдете турган технологиялар азырынча жок.

Ноябрь айында Москва бийлиги курулуш иштеринде иштеген мигранттардын санын кыскарта тургандыгын жарыялаган. Москва мэри Сергей Собянин реновация программасына ылайык, мигранттардын санын кыскартуу боюнча тапшырма берген. Анын айтымына караганда, Россиянын жакынкы райондорунан жумушчуларды тартуу жана эмгек акысын көбөйтүү зарыл. Муну менен бирге татыктуу эмгек шарттарын түзүү керектигин билдирген.

Көп өтпөй эле шаар мэри Москванын райондук коммуналдык кызматтарынын арасында мигранттардын санын кыскартуу боюнча резерв бар экендигин билдирген.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4805