Үчүнчүсү! Дагы бир "Тазалык" ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүздү
RU

Үчүнчүсү! Дагы бир "Тазалык" ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-январда, Шабдан баатыр көсөсүнөн "Тазалык" ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүзгөн. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эрте менен саат 08:15тер чамасында, Toyota Probox маркасындагы унаанын айдоочусу 1981-жылкы Р. Г. атту аял көчө шыпырып жүргөн 1987-жылы туулган К.С.ны уруп кеткен.

Айдоочу аял милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин да 18-декабрда Масалиев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу "Тазалык" муниципалдык кызматынын кызматкерин сүзүп кеткен.

Ошондой эле 12-декабрда эртең менен Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкула көчөсүнүн кесилишинде "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Муниципалдык кызматтын кызматкери ошол жерден каза болгон.

Ушуну менен "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерин үчүнчү жолу өлтүрө сүзүп кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5040