Оштогу мейманканада зодукталды делген кыздын окуясы. Кыз өзү камакка алынды
RU

Оштогу мейманканада зодукталды делген кыздын окуясы. Кыз өзү камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто милиция кызматкерин зордуктады деп айыптаган кыз кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Кеп буга чейин Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерин зордуктоо фактысы боюнча айыптаган 19 жаштагы Канышай тууралуу болуп жатат. Кыздын айтымында, ага үйлөнөм деп убада берип, бирок кийин алдап кеткен.

Милиция кызматкери айыптоолорду четке кагып, кызды "далилсиз эле айыптап жатат", "психологиялык оорулуу адам" деп атаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Канышай козголгон кылмыш ишинин алкагында алдамчылык жана кылмыш тууралуу атайылап жалган маалымат берген деген шек менен убактылуу кармоочу жайга камалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5121