Адвокат: Курсан Асановдун кармалышы Садыр Жапаровдун бийликке келишине күмөн жаратууда
RU

Адвокат: Курсан Асановдун кармалышы Садыр Жапаровдун бийликке келишине күмөн жаратууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адвокат Икрамидин Айткуловдун пикри боюнча, Курсан Асановдун кармалышы жаңы бийликке каршы диверсия болуп саналат. Ал өзүнүн пикирин Kaktus.media редакциясына билдирди.

Эске салсак, Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановду кечээ, 26-январда камакка алышты. Ал КРдин Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү "Имараттарды жана курулуштарды басып алуу" негизинде шектелүүдө. Кеп октябрь окуялары учурунда ИИМдин имаратын басып алгандыгы боюнча болуп жаткан болушу мүмкүн.

Айткуловдун комментарийин келтирели:

- Асановдун камакка алынышы мыйзамсыз, экенин айткым келип турат. Мындай чечимди кабыл алгандар, ИИМдин тергөө кызматын айтып жатам, факт жүзүндө... Бул факт жүзүндө Кыргызстандын жаңы бийлигинин легитимдүүлүгүнө шек келтирүү аракети, анткени эгер ошол айыптоо менен Курсан Асанов жоопкерчиликке тартылып жаткан болсо, анда Садыр Жапаровдун өзүнүн да бийликке келүүсү күмөн жаратууда. Сыймык Жапыкеев ошол кезде башкалар менен Генпрокуратуранын имаратында болчу. Өмүрбек Суваналиев, мисалы, УКМКнын имаратында болуп, ал жерди тартипке келтирип жаткан.

Садыр Жапаров өзү да ушу толкундун илеби менен келбедиби.

Ак үй алынды, башкасы болду. Кыскасы, мен айтып жаткандай эле Асановдун камакка алынышы, жаңы бийликтин легитимдүүлүгүнө шек жаратып жатат. Курсан Асановдун бардык иш аракеттери шаар ичинде тартип оронтууга багытталган болчу. Ал жарандар курал-жаракты колуна алуусуна жол берген жок, ыктыярчылар менен иштеп, көчөлөргө патруль жүргүздү. Башкача айтканда, Асановдун иш аракеттери коом үчүн пайдалуу эле. Ал эми азыр, анын жасагандарын кылмыш катары квалификациялап жатышат. Мындай чечимди кабыл алгандар жоопкерчиликке тартылышы керек.

Бул жаңы бийликке карата диверсия актысы.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев - бул тергөөгө көзөмөл жүргүзө турган адам. Ансыз бул чечим кабыл алынмак эмес (Асановдун камакка алынышы тууралуу), ал эски бийликтин өкүлү. Ал Сооронбай Жээнбеков учурунда эле тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары болчу. Мен басым жасагым келип турат, бул диверсия актысы. Алар келечекте жаңы бийликтин легитимдүүлүгүнө шек туудурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/516