"Астана деле ушундай курулган". Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна токтолду
RU

"Астана деле ушундай курулган". Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна токтолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" гезитине берген маегинде аймактарда ичүүчү суу жетишпей жатканына карабай, эмне үчүн Асман шаарын куруу чечими кабыл алынганына жооп берди.

Анын айтымында, "Асман шаарынын" курулушуна бюджеттен бир тыйын да бөлүнбөйт.

"Асман шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салат жана өздөрү сатат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алабыз дагы ипотекалык компания аркылуу элге беребиз. Эгер мамлекетибизде 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да. Азыр генералдык план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган",-деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5190