Убакыт келип, ар бир сөзүнө жооп берет! Мадумаров Жапаровго жооп берди
RU

Убакыт келип, ар бир сөзүнө жооп берет! Мадумаров Жапаровго жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Садыр Жапаровдун сөздөрүнө жооп берди.

Буга чейин Садыр Жапаров маегинде Мадумаров 2009-жылы Тажикстанга жер берүү боюнча протоколго кол койгонун билдирген. Президент ошондой эле Мадумаровдун буга укугу жок экенин кошумчалаган.

"Мен билбептирмин, президент башкы прокурор, ошол эле учурда сот да болуп, баарына аныктама коюп жатыптыр. Мен үчүн бул маданиятсыздык жана сабатсыздык.

Өзүн мамлекет башчымын деп эсептеген адам анда-санда китеп окуп койсо жакшы болмок. Кылмышкер деп жалгыз сот гана чечим чыгара алат. Башкаларды өзүнө карап баалаганды жакшы көргөн адамдар бар - мындай адамдар башкалар да өзү жасаганды жасашат деп ойлойт. Кимде ким кыргыздын кызыкчылыгын же жерин саткан болсо биринчи Аллах жазасын берсин.

Алар (Жапаров менен Ташиев) өздөрү мансапты ушинтип курган болсо, калгандары да ошондой кылышат деп ойлошот. Бул жигиттен айырмаланып, мен солярка аткезчилиги менен алектенген эмесмин, банкка рейдерлик кылган эмесмин.

Мен атамдын тарбиясын алып, маанилүү китептерди окуп чоңойдум. Ал жигиттин айтканы жапайычылык. Мен азыр эле (прокуратуранын кызматкерлерине) айттым: Силерге бул экөө катуу көрсөтмө беришкен окшойт деп. Эмне эле түштөн кийин чуркап калышты десе, көрсө интервью берген экен. Тынчтык болсун: убакыт келип, ар бир сөзүнө жооп берет!", - деди Мадумаров журналисттерге.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5192