Бензин дагы кымбатташы мүмкүн
RU

Бензин дагы кымбатташы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кийинки айда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кайрадан кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.

Анын божомолуна караганда, бензин дагы 4 сомго, ал эми дизель майы 6 сомго кымбаттайт.

Буга 2022-жылдын январь айында россиялык заводдордун күйүүчү-майлоочу майларды сатуу баасы бир тонна бензиндин 110 долларга, дизель майынын тоннасы 130 долларга кымбаттаганы себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5233