"Жарандарыбыздын кордолушуна жол бербейбиз!" Ассоль Молдокматова Токаевге кайрылды
RU

"Жарандарыбыздын кордолушуна жол бербейбиз!" Ассоль Молдокматова Токаевге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Instagram баракчасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылды.

"Мыйзамсыз камалып, кыйноого алынган кыргызстандыктарга карата болуп жаткан терс мамилелеге көңүл бурууңузду өтүнөм. Чолпонбек Сыдыковду сабаган милиционерлерге, аскер кызматкерлерине мыйзам чегинде эң катаал жаза берилишин суранам! Биз жарандарыбыздын кордолушуна жол бербейбиз. Сизди катаал жазалоо үчүн рычагдарды табат деп ишенебиз. Көңүл буруп, адилеттүү чечим чыгараарыңызга ишенем. Ар дайым элибизде тынчтык жана ынтымак болсун", - деп жазган ал.

Эске салсак, Алматыда кармалган Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыков 11 күндөн кийин табылган. Ал сабалып, эки буту, кабыргасы сынган. Анан ооруканага жеткирилди.

20-январда аны Алматыдан алып кетишкен. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көмөгү менен Тышкы иштер министрлиги "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кыргызстандык жаранды ооруканага жаткыруу келишими менен жолугушууну уюштурууда.

Учурда Сыдыков менен болгон окуянын бардык жагдайлары иликтенип, анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5236