Исхак Масалиев: Менин дипломдорумду текшерүүсүнө караманча каршымын!
RU

Исхак Масалиев: Менин дипломдорумду текшерүүсүнө караманча каршымын!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев анын дипломдорунун текшерилишине каршы чыкты. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, 1977-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетине тапшырып, 1982-жылы аяктаган. Жубайы Атыргүл аны менен бир курста окуган.

Андан кийин ошол эле университетте сырттан юридикалык факультетин бүтүрүп дипломун алган.

"Менин дипломдурунун текшерилишине караманча каршымын! Эч кимди негизсиз текшерүүгө уруксат берилбейт. Эгер университеттин администрациясы менин окуум боюнча архивден кандайдыр бир маалыматты берсе, мен сотко кайрылам. Бардыгы мыйзам чегинде болууга тийиш", - дейт саясатчы.

Масалиевдин постунун алдына комментарий жазгандардын бири, эгер бардыгы жайында болсо, эмнеге каршы чыгып жатасыз, деп сурады.

"Мен КААЛАБАЙМ. Андан тышкары дагы эмнени жоготуп алат, ким билет", деп жооп берди.

Эске салсак, жакынкы арада, УКМК Садыр Жапаровдун буйругу менен бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшере баштайт. Дипломдорду массалык текшерүүгө Орозайым Нарматованын дипломуна байланышкан окуя түрткү болду. Ал, диплому жасалма деген жүйөө менен депутаттык мандатынан айрылды.

Ошол эле маалда социалдык тармактын колдонуучулары алар менен катар саясатчылар да өздөрүнүн дипломдорунун түп нускасын сүрөткө тартып, интернетке жарыялашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5264