Temirov Live журналист-иликтөөчүлөрдүн кеңсесине милиция жана маскачандар келишти
RU

Temirov Live журналист-иликтөөчүлөрдүн кеңсесине милиция жана маскачандар келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Temirov Live журналист-иликтөөчүлөрдүн кеңсесине милиция жана маскачандар келишти. Алар кандайдыр бир документтерге кол коюну талап кылышууда.

Кеңсенин кызматкери берген маалыматка ылайык, окуя болгон жерде Болот Темиров өзү бар. Милиция анын чөнтөгүнөн анаша тапкан имиш. Учурда кеңседе тинтүү жүрүп жатат.

"Жарандык кийимчен кишилер белгисиз Айпери Адылбек кызы дегенге шилтеме берип, анын арызынын негизинде келгенин айтышты. Ал Болот Темировго каршы арыз жазып, аны баңгизатын кабыл алууга мажбурлаган дептир. Бул окуя белгисиз бир боз үйдө болгон имиш", - дейт кеңсе кызматкери.

Кирип келген милиция жана маскачандар бардыгын жерге жаткырып, чөнтөктөрүн аңтарышкан. Ошол учурда милиция атайын көргөзүп, Болот Темировдун чөнтөгүнөн баңгизатын чыгарды аттуу кылды. Учурда кабинетте Temirov Live редакциясынын беш журналисти бар.

Эске салсак, бир нече күн мурун Temirov Live'дын журналисттери "Ташиевдер кланы" тууралуу иликтөө жарыялашкан. Анда аталган үй бүлө мүчөлөрү кантип "Кыргызстандагы нефть магнаттарына айланганы тууралуу" баяндалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5271