Текебаев: Анда Мадумаров менен кошо дагы бир киши жоопкерчиликке тартылышы керек
RU

Текебаев: Анда Мадумаров менен кошо дагы бир киши жоопкерчиликке тартылышы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2009-жылы Тажикстан менен түзүлгөн протокол боюнча Адахан Мадумаровго козголгон иш туурасында комментарий берди. Саясатчынын видеосу "Жалбырак ТВнин" YouTube-каналында жарыяланган.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында протокол - бул ниет. Андан кийин гана документтер иштелип чыгып, өкмөттөгүлөр кол коет. Анын үстүнө, проколго 13 жыл мурун кол коюлган. Азыр президент өзү кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, мөөнөтү өтүп кеткен иштерге кылмыш иши козголбойт. Ошондо азыркы болуп жаткан көрүнуш канчалык деңгээлде мыйзамдуу?

"Бул окуя боюнча өзүмдүн оюмду билдирип коюшум керек. Мен ал протоколдун мааниси менен макул эмесмин. Бирок азыр ал туурасында эмес. Бүгүн Мадумаровго карата жасалып жаткан иштер мыйзамдуубу же мыйзамдуу эмеспи ошол боюнча.

Мадумаровго жасалып жаткан аракеттер саясий куугунтукпу же андай эмеспи?

Аталган протоколго 2009 жылдын жазында кол коюлган. 13 жыл өттү. Кылмыш мыйзамдарынын өзүнүн принциептери бар. Мөөнөтү өткөн окуяларга кылмыш иши козголбойт. Ал, бүгүнкү бийлик өзү иштеп чыккан Кылмыш кодексинде, Кылмыш процессуалдык кодексинде жазылган. Бул мыйзамдарга Садыр Жапаров жакында эле кол коюп, күчүнө кирген.

Мына ошол кодекстин 58-беренеси: 10 жыл өтүп кеткен окуяларга иш козголушу мүмкүн эмес. Козголуп калган иштер болсо, мөөнөтү өтөөрү менен автоматтык түрдө жабылыш керек. Так эле ошол принцип, Кылмыш процессуалдык кодексинин 27-беренесинде жазылып турат. 10 жыл мурунку окуяларга иш козголушу мүмкүн эмес, деп.

Туура, мөөнөтү бүтпөгөн да иштер бар. Бирок, биз айтып жаткан окуялар андай категорияларга кирбейт.

Ошентип, Мадумаров кылмыш жообуна тартылат деп 13 жыл мурунку окуяларга байлагандык мыйзамсыз. Абсолюттук түрдө мыйзамсыз. Бирок бул аракеттер бүгүн эле болгон жок. Бир нече жылдан бери, президент Сооронбай Жээнбековдун убагынан бери болуп жатат.

Мен бул аракеттерди саясий куугунтуктоонун түрү катары баалайм. Далилдей да алам.

Президент Сооронбай Жээнбековдун убагында ушул прокол көтөрүлүп кылмыш иши козголгон. Протокол - бул ниет. Андан кийин документтер иштелип чыгып өкмөттөр кол коет. Чын эле, 2009-жылдын декабрында кыргыз өкмөтү менен тажик өкмөтү биз айткан участок, 275 метр боюнча кол коюшат. Кыргыз өкмөтүнүн атынан ошол кездеги транспорт министри Нурлан Сулайманов кол койгон. Парламентке келип түшкөн. Бирок апрель революциясы болуп кетип, ал мыйзам долбоору жаңы парламенттен өтпөй калган. Эгер адилеттүү болобуз десек, эгер мыйзам боюнча иш кылабыз десек, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги Мадумаровго эле эмес Нурлан Сулаймановго дагы иш козгош керек эле.

Бирок андай болгон жок. Нурлан Сулайманов президенттик жарышта Сооронбай Жээнбековду колдоп чыкты, Мадумаров ага каршы чыкты. Мадумаровго иш козголуш керек деди, Сулаймановго карата эч нерсе болгон жок. Тескерисинче, бийлик, Нурлан Сулаймановду "Кыргызстан" партиясына киргизип, 2020-жылкы шайлоого аттандырды.

Азыр жаңы президенттин убагында, бул маселе дагы көтөрүлдү. Мадумаровго иш козголуш керек, Ал эми өкмөт аралык келишимге кол койгон Нурлан Сулаймановго иш козголбойт. Тескерисинче, ал Жапровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Анын уулу Ташиевдин партиясы делип жүргөн "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан былтыркы шайлоого аттанды.

Бир окуя, ар кандай деңгээлдеги документтер. Бирок иш Мадумаровго козголот, а ишти кылып, Жогорку Кеңешке чейин алып кирген адамга иш козголбойт. Ушунун өзү бир эле окуя боюнча эки башка адамга эки башка мамиле жасалып жатканын, тандалма процесс экенин далилдеп турат. Бул Мадумаровго каршы иш, саясий мотиви, саясий ниети бар экенин көргөзөт", - деп Текебаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5257