Ташиев баңгизатты Темиров эмес анын кесиптеши колдонгонун айтты
RU

Ташиев баңгизатты Темиров эмес анын кесиптеши колдонгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Темировдун коммандасында Болот Назаров бар экен. Назаров "бульбулатор" аппаратын колдонуп, баңгизат колдонот экен. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

"Мындай аппарат күчтүү баңгизатты колдонгондо колдонулат", - деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай, учурда көптөгөн жаштар баңги зат колдонуп жатышат жана муну токтотуу керек.

"Арызда, Болот Назаровдун иш бөлмөсүндө баңгизат сатылып жатканын көрсөтүп, иш бөлмөсүнөн таратылып жатканы айтылган. Ага Ички иштер министрлиги реакция кылган", - деди Ташиев.

Ал муну кадимки баңги кылмышы деп эсептейт. Назаров наркологиялык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы оң чыккан.

"Мен Болот Темировдун канынан баңги зат табылбаганына кубанычтамын, демек ал баңги затын ичкен эмес, мындан тышкары, бул анын жазасын жеңилдетет. Менимче Темиров эркиндикке чыгарылып, өз ишин жүргүзө алат деп ойлойм. Ошол эле учурда тергөө иштери жүрө берет, - деди Ташиев.

Мындан тышкары, ал Болот Назаров баңги затына көз каранды экенин айтты.

Бир күн мурун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын атайын отрядынын кызматкерлери Temirov Live басылмасынын редакциясынын кеңсесине кармап кетүү үчүн келишкен. Алар Болот Темировду кармап, андан ташкары журналисттердин иштеген компьютерлерин жана башка маалыматты сактоочу жабдыктарды да кошо алып кетишкен. Журналист баңгизат сатууга шектелип жатканы айтылууда. Бирок, Бишкек ШИИБи да, Ички иштер министрлиги да бул маалыматты расмий тастыктай элек.

Бир гана борбор калаанын ички иштер башкармалыгы иштин чоо-жайы көрсөтүлбөгөн кыскача комментарий берди.

Кармалган журналистин канын анализдик текшерүүдөн өткөргөндө баңги зат колдонулган эмес деген жыйынтык берген.

Журналист Болот Темировдун айтымында бул кармоо иши УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакындарынын күйүүчү май бизнеси боюнча иликтөөсүн жарыялагандан кийин жүргүзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5281