Эки менчик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандатылды
RU

Эки менчик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик рыноктогу лабораториялардын баасына анализ жүргүзүп, натыйжада "Интелмед" (соода маркасы "Бонецкий") жана "Гемотест" лабораторияларында ПЦР-тесттин баасы 1 300 сомго түшүрүлгөнүн аныктады. Буга чейин аталган изилдөөлөр 1 600 сомго жасалып келген.

Аталган мекеме буга чейин мамлекеттик лабораторияларда ПЦР-тест арзандатылганын эске салды.

Ага ылайык, төмөнкүдөй баа коюлган:

  • Мамлекеттик Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинде - 788 сом (мурда 1 574 сом болчу);
  • Ош райондор аралык санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунда - 927 сом (мурда 1 574 сом болчу);
  • Бишкек шаардык Санэпидкөзөмөл борборунда - 896 сом (мурда 1 326 сом болчу).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5306