"Тоңуп өлүп калам го дедим". Канаткада отургандар түшө албай кыйналышты
RU

"Тоңуп өлүп калам го дедим". Канаткада отургандар түшө албай кыйналышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чуңкурчак" тоо лыжа базасынын меймандары электр энергиясы өчүп бир саатан ашык канаткада отурууга аргасыз болушту. Бул тууралуу Instagram баракчасына блогер Анна Барвенко жазган.

Анын айтымында, ал аябай үшүп калыптыр.

"Выжившие" киносундай эле. Сууктан тоңуп өлөм го деп ойлодум. Бутумду сезбей калдым", - деп жазган.

Барвенконун айтымында айрым адамдар тоого жөө көтөрүлүп жатышты.

Эске салсак, бүгүн, 25-январда республика боюнча электр жарыгы өчкөн. Андан тышкары Казакстандын жана Өзбекстандын айрым региондорунда да жарык жок болду. 2,5 сааттан кийин Кыргызстандын энергетика компаниялары энерго шакекчени айланып өтүп, республикага электрэнергиясын беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5311