Орозайым Нарматова депутаттык мандатынын башкага өтүшү боюнча пикирин билдирди
RU

Орозайым Нарматова депутаттык мандатынын башкага өтүшү боюнча пикирин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайывм Нарматова депутаттык мандатынын Айгүл Айдаровага өтүүсү боюнча жеке пикирин билдирди.

Анын айтымында, так ушул айым ордуна келгени, сотко кайрылбаганына себепкер болду.

"Урматтуу достор! Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин сотко берип, доолашпаганымдын бирден бир себеби да ушул эле. Анткени менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис.

Мен келээрки беш жылда Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем.

Ал эми менин "соттошпойм"-деген чечимимден улам, фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп "баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек" - деп, бүгүн тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты. Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет.

Мага "эми эмне менен алек болосуң?" - деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, "саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын" - деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда, бирок ар дайым эфирде болом буйруса. Айгүл эжекеме ийгилик каалаймын!" - деп Facebook баракчасына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5322