Нарматованын ордуна келген депутат ант берди
RU

Нарматованын ордуна келген депутат ант берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңеште депутат Айгүл Айдарова ант берди. Ал Орозайым Нарматованын ордуна келген.

Белгилүү болгондой, Айдарова 34 жашта. Ал Баткен облусундагы, Баткен районунун Самркандек айылында туулган.

2012-жылы КРдин Ички иштер академиясын аяктаган. 2021-жылы "юриспруденция" багыты боюнча Кыргыз улуттук юридика академиысын бүтүргөн. 2019-жылдан бери Аламүдүн ИИБсинде тергөөчү болуп иштеп келген.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5323