Байкесинин тилин алган жок. Шаирбек Ташиев парламенттик жыйынга келбей койду
RU

Байкесинин тилин алган жок. Шаирбек Ташиев парламенттик жыйынга келбей койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 26-январда парламенттин жыйыны өттү. А бирок андан бир нече күн мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатынан баш тартат дегени ошо бойдон ишке ашкан жок. Себеби ал сессияга келген жок.

Шаирбек Ташиев келбесе да, парламенттин алдына анын тарапташтары келип, депутатты колдоп митинг уюштурушкан. Алардын айтымында, Шаирбек Ташиев 20 миң добуш топтоп парламентке өткөн. Ошондуктан Камчыбек Ташиевдин да анын мандатынан баш тартуусун талап кылууга акысы жок.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев "Ташиевдердин кланы" тууралуу чуулгандуу журналисттик иликтөөдөн кийин, бир үй-бүлөдөн бир эле саясатчы жетишет, иним Шаирбек Ташиев 26-январда, парламенттин жыйынында депутаттык мандатын тапшырат, деп жар салган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5326