Пекиндеги Олимпиадага бара турган спортчунун параддык формасы
RU

Пекиндеги Олимпиадага бара турган спортчунун параддык формасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын улуттук олимп комитети Кыргызстан курама командасынын параддык формасынын рамий комплектисинин сүрөттөрү менен бөлүштү. Кышкы Олимп оюндары февраль айында Пекинде өтөт.

Буга чейин көрсөтүлгөн комплект машыгуу учурунда колдонула турган комплект болчу. Аны кытайлык Tectop компаниясы бекер берген.

Жаңы жылдын алдында лыжа спортунун Федерациясынын тренери Игорь Борисов президент менен жолугушуп, италиялык Vist компаниясынан профессионалдык лыжа экипировкасын алып берүү суранычы айтылган. Лыжа спортунун федерациясы форманын дизайнын эл аралык федерациянын талаптарына ылайык иштеп чыккан.

Игорь Борисовдун жана Олимп оюндарынын катышуучуу Максим Гордеевдин өтүнүчүу менен 2021-жылдын 30-декабрында 12 буюмдан турган комплектиге буюртма берилген. 2022-жылдын 17-январында Улуттук олимп комитети формага буюртма берип, акчасын төлөгөн. Андан тышкары олимп оюндаынын жана улуттук символикалары бар калпак, значок жана желек даярдалган.

УОКтун билдирүүсүнө ылайык, форма 28-январда келип, 29-январда коомчулукка презентациясы жасалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5360