Апасы аюунун короосуна ыргытып жиберген кыздын абалы тууралуу айтылды
RU

Апасы аюунун короосуна ыргытып жиберген кыздын абалы тууралуу айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги апасы зоопарктагы аюунун короосуна ыргытып жиберген үч жашар кыздын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Баланын баш мээсинин ачык жаракаты жана баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Ошондой эле дарыгерлердин айтымында, наристе шок абалында.

Аталган агенттик учурда Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборунда жаткан кыздын сүрөтүн жарыялайт. Учурда келинге кылмыш иши козголду. Аялдын аракетинин себептери айтыла элек.

Эске салсак, Ташкенттин зоопаркында аял үч жашар кызын аюунун короосуна ыргытып жиберген. Келген коноктор жана кызматкерлер ага жол бербөөгө аракет кылышкан, бирок алардан майнап чыккан эмес. Аюу балага тийбей, жыттап гана кетип калган. Кыз беш метр бийиктиктен кулап, жаракат алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5366