Күндүн сүрөтү: Акылбек Жапаров менен Айбек Жунушалиев автобустардын көрүстөнүндө
RU

Күндүн сүрөтү: Акылбек Жапаров менен Айбек Жунушалиев автобустардын көрүстөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белорусиялык жаңы автобустун техникалык мүмкүнчүлүктөру менен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жапаровго жаңы автобустун өзгөчөлүктөрү – коляска үчүн туткасы бар бүктөлүүчү пандус, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн жеңилдетилген кузовду ийүү системасы, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн аппаратты бекитүү үчүн жабдуулар тууралуу айтып берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мэриянын муниципалдык транспорт башкармалыгында да болуп, автобус паркынын абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, автопарктын балансында 476 унаа бар, ал эми 300дөн ашык автобус бузулгандыктан эсептен чыгарылат.

"Бардык нерсе шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн болушу керек.

Автобус паркын толук жаңылоо, шаардын бардык ички көчөлөрүн оңдоо жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн жана аллеялардын абалына өзгөчө көңүл буруу керек.

Ошондой эле таштандыларды сорттоочу заводдун курулушун тездетүү зарыл", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5373