Кулов БНИЦТО жөнүндө: Жумабековду эбак эле чет өлкөгө чакырып жатышыптыр
RU

Кулов БНИЦТО жөнүндө: Жумабековду эбак эле чет өлкөгө чакырып жатышыптыр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Феликс Кулов Бишкектин мурунку мэри катары Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун реорганизациясы боюнча жеке пикири менен Facebook'тагы баракчасына бөлүштү.

Эске салсак, 1-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТОну (Бишкекский научно-исследовательского центр травматологии и ортопедии) реорганизация кыла турганы белгилүү болду.

"Формалдуу себеби мындай: учурда борбор негиздөөчүлөрдүн үч тараптуу макулдашуусунун негизинде иш алып барат: Борбордук мэрия, Бишкек шаардык депутаттар кеңеши жана Саламаттыкты сактоо министрлиги. Мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңеш БНИЦТОнун негиздөөчүсү боло албайт имиш. Ошондуктан аны негиздөөчүлөрдүн курамынан чыгарып салуу керек", - деп Кулов түшүндүрдү.

"Дагы бир өтө олуттуу себеби катары, каржылоо шаардык кеңеш аркылуу эмес, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу келет, деп көрсөтүлгөн. Фонд өз кезегинде министрликке караштуу. Андан тышкары, министрлик берген маалыматка ылайык, учурда Бишкектин аймагында ооруган бейтаптарды жайгаштыруу үчүн орундар жетишсиз. Шаардык клиникалык тез медициналык жардам ооруканасы көп профилдүү атайын мекеме болот. Ал курч ооруга кабылгандарга, травма алгандарга, кырсыктагандарга жана уулангандарга, андан тышкары массалык жабыркоолор болгондо, катастрофаларда күнү-түнү экстрендик медициналык жардам көрсөтөт", - деп саясатчы белгиледи.

Мен медик эмесмин, бирок борбор шаарыбыздын мурунку мэри катары белгилегим келип турат, биринчиден, азыркы тапта деле медициналык мекеме күнү-түнү жардам көрсөтүүчү оорукана катары иш алып барат. Экинчиден, республикалык бюджетин жана ФОМСтун калыптануусуна олуттуу бөлүктү Бишкек салат.

"Ошондуктан шаардык бюджетти кабыл алып жана бекиткен шаардык кеңешти жаңы медициналык мекемени калыптандыруу процессинен чыгарып салуу кеминде туура эмес, жана тайкылык. Анын үстүнө шаардык кеңеш бары бир борбор шаардагы саламаттыкка каражат бөлүп турат.

Эмне үчүн мен "формалдуу себеп" деген сөздү колдондум? Бардыгы жөнөкөй. Илинчек таппай убара болуп, үч тараптуу макулдашуудан шаардык кеңешти чыгарып салууну ойлоп табышты. Ошол эле учурда мэрия, мэр катары калып жатат. Аны деле шаардык кеңеш шайлайт. Абсурд эле болуп жатпайбы", - деп саясатчы комментарий берди.

Куловдун айтымында, ал жакында эле бир иш чарада БНИЦТОнун директору Сабырбек Жумабеков менен жолуккан. Чогу отургандардын бири саламаттыкты сактоо тармагында өзгөрүүлөр жүрүп жатат деген имиштер болууда, сизди да жылдырып коюшат деп коркпойсузбу деп сурады. "Буга Жумабеков коркпой турганын, анын үстүнө аны эбактан бери чет өлкөгө чакырып жатканын белгиледи. Албетте, аны менен бирге башка күчтүү хирургдар да кете турганы анык", - деп айтып берди.

"Сүйлөшүү учурунда Жумабеков пландары менен бөлүштү. Көрсө, ал бир шейхке операция жасаган экен. Ал биздин ооруканалардын абалын көрүп, жаңы, заманбап корпус курууга $28 млн бөлүп берүүну чечиптир. "Бишкекглавархитектура" долбоордун документациясын иштеп чыккан. Долбоор стартта даяр турат. Акча конкреттүү бир адамдын атына бөлүнөт. Бирок кадрдык өзгөрүүлөр боло турган болсо, эмне болот. 3-балдар ооруканасындагы тажрыйба көрсөткөндөй - эч нерсе. Анда башкы дарыгер Талант Омурбеков жаңы корпусту салуу үчүн спонсор тапкан, табаары менен урмат-сый көрсөтүмүш болуп, кызматынан алып, сабак берүүгө узатып жиберишкен болчу. Жаңы корпус ошо бойдон жок", - дейт саясатчы.

Реорганизция деген сөз сырттагы мекеменин аталышы жазылган табличка жана кадрдык орун алмашуулар болот деген эле сөз. Бул шаарга тез жардам көрсөткөн оорукана кереги жок дегендик эмес. Билишимче ал жерде ансыз деле күнү-түнү иштей турган бөлүм бар. Ал жака шаардык бардык райондорунан бейтаптарды алып барышат. Калган бөлүмдөр башка олуттуу маселелер менен алек.

"Жакшы иштеп турган организмди бузуунун эмне кереги бар?! Диагностикалык борбордун тагдыры кайталанбаса экен. Салтанаттуу ачылыш өткөрүшкөн, анысы бир жума иштеп, эми аңгырап бош турат. Бирок бир дерматологго кезек күткөндөр көп экен", - дейт Феликс Кулов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5411