Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бирок абакта калат
RU

Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бирок абакта калат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүнө карабастан, башка кылмыш иштери бар болгондуктан, СИЗОдо кала берет. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Асановдун 2020-жылдын октябрь окуяларына карата козголгон иш боюнча баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылды. Бирок, дагы башка иштер боюнча шектүү болгондуктан СИЗО-50 абагында калат.

"Эртең, 3-февралда Бишкек шаардык соту Асановдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмаз Сарыбаев менен бирге бийликти басып алуу ниети тууралуу сүйлөшүп жатканы жазылган аудиосу боюнча баш коргоо чарасын карайт" , - деди адвокат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5424