Курсан Асанов: Эч кимден өч албайм (видео)
RU

Курсан Асанов: Эч кимден өч албайм (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык соту бийликти күч менен басып алууга айыпталган Курсан Асановдун жактоочусунун арызын карады.

Соттук коллегия Асановдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Курсан Асанов эркиндикке чыккандан кийин бардык колдоочуларга жана журналисттерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Менин ишим жабылат, болбосо сотто акталып чыгам. Мен ушунча убакыт камакта отурганымдын себебин издеп, өч алып же сотко бербейм. Бул тууралуу ойлогон да эмесмин. Бири-бирибизге таарынган дос болгонубузду токтотолу, өлкөнү өнүктүрүшүбүз керек, экономиканы көтөрүшүбүз керек", - деп жыйынтыктады Асанов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5443