Курсан Асанов абактан бошотулду (фото, видео)
RU

Курсан Асанов абактан бошотулду (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык сотунда бийликти күч менен басып алууга айыпталган Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын арызы боюнча соттук отурум өттү.

Сот залында жактоочу Чынара Жакупбекова судьялардан анын жактоочусунун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келип, анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Эске салсак, Асанов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмаз Сарыбаев менен бийликти басып алуу ниети тууралуу сүйлөшкөн делген аудиожазуу интернетке жарыялагандан кийин кармалган. Асанов өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалуучу СИЗО-50дө болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5442