Алмаз Сарыбаев абактан бошотулду (видео)
RU

Алмаз Сарыбаев абактан бошотулду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык соту генерал-майор Курсан Асанов менен бирге бийликти басып алууга айыпталып жаткан активист Алмаз Сарыбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызын карады.

Белгилей кетсек, Асанов бүгүн сот залында камактан бошотулган.

Адвокат Тимур Султанов Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынан анын кардарынын баш коргоо чарасын эркинен ажыратуу эмес деп өзгөртүүнү суранды.

Ал экспертизалардын жыйынтыгы бар экенин, анда аудио жазуулар ондогон жерлерде монтаждалганын, тергөө тарабынан мыйзам бузуулар болгонун жана бул иш материалдары менен далилденгенин белгиледи.

"Тергөөчү сотто Сарыбаев тергөөгө кийлигишип калышы мүмкүн экенин гана белгиледи. Ошондой эле бул боюнча далил келтирилбегенин айтты. Сарыбаевге беш айдан бери бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлгөн эмес", - деди жактоочу Султанов.

Сарыбаев колдоо көрсөткөн санаалаштарына ыраазычылыгын билдирди.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5444